Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында акысы 10 сомдон болгон унаа токтоочу жай ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, унаа токтоочу жай Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө ("Айгүл" соода борборунун бет маңдайында) жайгашкан. Ал 200 унаага ылайыкталган. Аталган жай жеке менчик. Ар бир унаага 10 сомдон акы алынат.
Пикир
Оставить комментарий