• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Кылычбек Сарбагишев Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы болуп шайланды

Спорт 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Кылычбек Сарбагишев Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы болуп шайланды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Кылычбек Сарбагишев 43 жашта, эки жогорку билими бар: эл аралык мамилелер боюнча жана юриспруденция.

Мындан сырткары, волейбол боюнча Кыргызстандын спорт чебери (1997-жыл), өлкөнүн мыкты волейболчусу (2009-жыл).

Эскерте кетсек, Бишкекте 10-декабрда Улуттук олимпиада комитетинин президентин шайлоо өтүп, Садыр Маматов жеңген.

Пикир

Оставить комментарий