Жалал-Абадда аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчалары таратылды

Аймак 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчалары таратылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Максат Жусупбеков жана Наргиза Караева аз камсыз болгон, карыялары бар 50 үй-бүлөгө күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү эт, күрүч сыяктуу азык-түлүктөр менен толтурулган баштыктарды таратышты.

Муктаж жарандарга кол сунган эл өкүлдөрүнө тургундар ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий