• 87.86
  • 93.94
  • 1

Улуттук валюта – сомго 30 жыл толду. Сомдун жаралуу тарыхы

Экономика 0

Кыргызстандын улуттук валютасы – сомго 30 жыл толду. 1993-жылдын 10-майында республика КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп постсоветтик мейкиндикке өз валютасын киргизген. Улуттук банктын нак акча менен иш алып баруу боюнча эксперттик башкармалыгынын башкы адиси Күмүшай Артыкова улуттук валюта – сомдун жаралуу тарыхын айтып берди.

Улуттук валюта качан жана кандай шарттарда кабыл алынган?

— Кыргызстандын улуттук валютасы республика үчүн оор учурда, КМШ өлкөлөрү өздүк, бардыгы үчүн жалпы болгон төлөм каражатын айласыздан пайдалануу, анын ролун рубль аткарган шартта, башкалардан көз карандысыз экономикалык саясатты жүргүзүүгө аракеттенип жаткан учурда киргизилген.

Бул шарттарда улуттук валютаны киргизүү өздүк максат эмес, Кыргызстандын өздүк, көз карандысыз экономикалык саясатын өткөрүү каражаты болгон. Мында башкы максат - инфляцияны ооздуктоо жана экономиканы структуралык жактан реформалоо программасын үчүн шарттарды кийинчерээк камсыз кылуу болуп саналган.

КМШнын алкагындагы салык, валюта, нарктык, бажы саясаттарынын жоктугу, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда келишилген эки жана көп тараптуу өкмөттөр аралык келишимдердин таасирдүүлүгүнүн жетишсиздиги; тең пайдалуу шартта макулдашылган жана биргелешип инвестициялануучу долбоорлордун жоктугу – ушунун бары улуттук валютаны киргизүү жөнүндөгү маселени, мунун негизинде, өздүк экономикалык саясатты түптөө жана жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн биринчи планга алып чыкты.

Улуттук валютаны киргизүү мөөнөттөрүн аныктоо жана аны жүгүртүүгө чыгаруу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Улуттук банкына жүктөлгөн.

Улуттук валюта канча серияда чыгарылган жана эмне себептен 1, 5, 10 сомдуктарды монета катары чыгаруу чечими кабыл алынган?

— Кыргызстандын улуттук валютасы этаптык стратегияга ылайык түзүлгөн:

1993-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноттор (Биринчи чыгарылышы)

Акчаны майдалоо функциясын аткарган 1, 5, 20 сом жана 1, 10, 50 тыйын номиналындагы банкноттор 1993-жылы 10-майында жүгүртүүгө чыгарылган.

1994-1995-жылдары чыгарылган үлгүдөгү банкноттор (Экинчи чыгарылышы)

1994-1995-жылдары акча белгилеринин экинчи эмиссиясы ишке ашырылган. Биринчи чыгарылыштагы банкнотторго караганда “калайык-калктын улуттук валютага карата ишениминин калыптанышы мезгилинде” жасалмалуулуктан ишенимдүү корголгон банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.

1993-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноттор жүгүртүүдөн акырындык менен алынып, 1994-1995-жылдары чыгарылган үлгүдөгү 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом номиналындагы банкноттор менен алмаштырылган.

1997, 2000, 2002, 2004, 2005-жылдары чыгарылган үлгүдөгү банкноттор

(Үчүнчү чыгарылышы)

Улуттук валютаны өркүндөтүүнүн үчүнчү баскычы 1997-жылдан тартып башталган. 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом наркындагы, мурда чыгарылган банкнотторго салыштырганда өркүндөтүлгөн коргоо элементтерин камтыган банкноттор акырындык менен жүгүртүүгө чыгарылган.

Ал эми 2000-жылы жогорку номиналдагы 200, 500, 1000 сом наркындагы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.

Жүгүртүү монеталары

Биринчи жолу 2008- жылы 10, 50 тыйын жана 1, 3, 5 сом номиналындагы металлдан жасалган жүгүртүү монеталары чыгарылган. 2009-жылы 10 сом номиналындагы монета, ал эми 2014-жылы монетанын кырында жазуусу бар 10 сом номиналындагы монета жүгүртүүгө чыгарылган.

Жүгүртүү монеталардын жүгүртүүгө киргизилиши банкноттордун төмөн номиналдары жогорку номиналдарга караганда бир нече эсе тез эскирүүсү менен шартталган, анткени алар калк тарабынан алмашуу операцияларында жана күнүмдүк товарларды сатып алууда активдүү колдонулат.

Андыктан, банкноттордун төмөн номиналдарын металл монеталар түрүндө чыгаруу максатка ылайыктуу, анткени алар кагаз банкнотторго караганда алда канча чоң жүктөмгө туруштук бере алат.

2009-2010 – жылдары чыгарылган үлгүдөгү банкноттор (Төртүнчү чыгарылыш)

Улуттук валютанын төртүнчү сериясы 2009-жылы жүгүртүүгө чыгарылган 5000 сом номиналындагы банкнот менен ачылган. Мындан кийин 20, 50, 100 жана 200, 500, 1000 сом номиналындагы өркүндөтүлгөн коргоо элементтерин камтыган банкноттор акырындык менен чыгарыла баштаган.

Төртүнчү чыгарылыштагы банкноттор оригиналдуу дизайнга жана өркүндөтүлгөн коргоо элементтерине ээ.

2016-жылдагы үлгүдөгү банкноттор

(Төртүнчү чыгарылыштагы өркүндөтүлгөн банкноттор)

2017-2018-жылдары улуттук валютанын IV сериясындагы 2016-жылдагы үлгүдөгү 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом номиналындагы банкноттору жүгүртүүгө чыгарылган.

IV сериясындагы 2016-жылдагы үлгүдөгү өркүндөтүлгөн банкноталар төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Классикалык ыкма менен даярдалган, даана так көрүнгөн портрет.

- MASK-элементи. Жарыкка салып кароодо «сом» деген сөз көрүнөт (20, 50 жана 100 сом банкнотторунан тышкары).

- Чыгарылган жылы: 2016.

2000 сом номиналындагы эстелик банкнот

Эстелик банкнота, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан мамлекеттин тарыхында басып өткөн жолундагы маанилүү эки учурду: Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө ээ болушунун 25 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 25 жылдыгына жана улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына карата чыгарылган.

Эстелик банкнота, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалынын түптөлүшүнүн: байыркыдан бүгүнкү күнгө чейинки калыптануу жолун чагылдырган жана заманбап коргоо элементтерин камтыган, өзгөчөлөнгөн дизайнга ээ.

Улуттук валютанын бардык банкноттору жана монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана кайсы жылы чыгарылгандыгына карабастан, төлөм каражаты катары төлөөгө милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Сомдун сапаты тууралуу айтып кетсеңиз

— Жүгүртүүдөгү банкноттор көптөгөн сыноолорду башынан кечирет жана ошондуктан бузулуу механизмдерине: тытылууга, өчүрүлүүгө, бүктөөгө жана бырыштырууга туруктуулук берүүгө ээ болуусу керек. Мындан тышкары, купюралар ар кандай кислотанын эритмелери сыяктуу реагенттерге да туруштук берүүсү керек. Алар башка кагаздардай, күн нурунун, жогорку жана төмөнкү температуралардын таасири алдында бузулуп же өңү өчпөшү керек. Кир болушуна туруктуулугун жогорулатуу үчүн купюралар кирге каршы атайы курамындар менен да иштетилет. Айрылганга чейин бул кагаз миңдеген бүктөөлөргө туруштук берет.

Банкноттун жүгүртүүдө жүрүшү анын номиналынан, климаттык шарттарынан, пайдалануу маданиятынан, инфраструктуранын өнүгүшүнөн өтө эле көз каранды. Кайсыл болбосун мамлекет өзүнүн улуттук валютасынын сырткы көрүнүшү жөнүндө кам көрүшү керек. Бул, банкноттун иш жүзүндөгү сапатын жакшыртуудан гана эмес, республиканын ар бир жаранынын нак акчага аяр мамиле кылуусунан улам келип чыгат.

Кыргыз сому 100% пахта буласынан жасалган, банкнотторду жасалмалоодон коргогон жана банкноттордун аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү заманбап коргоо элементтерин камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий