• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Аймак 0

Бишкек, 15.04.23. /Кабар/. "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сертификаттарды тапшыруу аземи күн мурун, 14-апрелде өтүп, ага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев катышты.

"Социалдык келишим" долбоорунун максаты – аз камсыз үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга түрткү берүү жана эмгекке тартуу менен жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат.

Кайтарымсыз негизде 100миң сомдон алган үй-бүлөлөр бул каражатка ишкердик баштайт.

Белгилей кетсек, өткөн жылы социалдык келишимдин негизинде 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген. Бүгүн алар өндүргөн продукциялардын көргөзмөсү да орун алды.

Пикир

Оставить комментарий