• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Баткен облусунун аймагында сутка ичинде 9 миң погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өлкө аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 31-май күнү Баткен облусунун аймагында 2488 чарчы метр имараттын ичи, 8032 чарчы метр имараттын сырты жана 9000 погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 2,8 литр суюк хлор жана 3 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий