• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Оштогу Ленин көчөсү асфальт төшөөгө даярдалууда

Аймак 0

Бишкек, 18.07.23./Кабар/. Ош шаарында Ленин көчөсүнөн Мамажан көчөсүнө чейинки жол тилкесинде таза суу түтүктөрүн алмаштыруу, ирригациялык арыктарды орнотуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Ошондой эле Мамажан көчөсүнөн Загородный көчөсүнө чейинки аралыктагы жолду асфальттоо, тротуар куруу, жашылдандыруу жана жарыктандыруу боюнча иш-аракеттер кызуу жүрүп жатат.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов иштин жүрүшүн жеринде көрүп, сапатка жана бүткөрүү мөөнөтүнө көңүл буруу, жашыл аймактарды сактоо зарылдыгын белгилеп, кошумча жумушчу топтордун ишин күчөтүү тапшырмасын берди.

Жумуш иштери жалпы бир чакырымга жакын аралыкта жүргүзүлүүдө. Жол ачылган соң унаа кыймылын бир тараптуу кылуу болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий