• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жалал-Абад шаарында үч миң орундуу “Достук” мечити ачылды

Аймак 0

Бишкек, 22.09.24./Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкармалыгында үч миң орундуу курулган “Достук” мечитинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, Бүткүл дүйнөлүк Ислам жаштары ассамблеямынын Кыргызстандагы өкүлү, "Ас-Санабил" кайрымдуулук фондунун башчысы Саид Баюми, жергиликтүү бийлик жана шаар тургундары катышты.

Облус башчысы мечит - ислам дининин чыныгы баалуулуктарын тааныган, биримдикти жана боордоштукту бекемдеген, жаштардын жүрөгүнө тынчтык орнотуучу өзгөчө жай болооруна ишеним артты.

Ошондой эле курулушка демөөрчүлүк кылган "Ас-Санабил" кайрымдуулук фондунун башчысы Саид Баюмиге ыраазычылык билдирип, жергиликтүү жамаатардын кошкон салымын да баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий