• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Жалал-Абад шаарында ишкерлерге ККМди колдонуу тууралуу маалымат берилди

Аймак 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында ишкерлерге контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, жыйын Жалал-Абад шаардык мэриясында уюштурулуп, ага шаардын биринчи вице-мэри Азамат Раматиллаев, ишкерлер жана салык кызматкерлери катышты. Анда адистер тарабынан контролдук-кассалык машиналарды (KKM) кимдердин колдонуусу керектиги, аларды кайдан жана кантип сатып алса болору тууралуу маалымат берилди.

Белгилей кетсек, ККМди соода жана коомдук тамактануу түйүндөрү, дарыканалар, авиакассалар, май куюучу жайлар, интернет-дүкөндөрү, ошондой эле калкка кызмат көрсөтүүчү жана калк менен накталай же накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырган мекемелер колдонушу керек.

Пикир

Оставить комментарий