• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абад шаарында коменданттык саатты бузган 5 жаран кармалды – комендант

Аймак 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында коменданттык саатты бузган 5 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Ал билдиргендей, бир күн ичинде облус аймагында 26 кылмыш катталган.

"Бир күн ичинде Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда шаардык жаан райондук ички иштер бөлүмдөрүнө 117 киши алынын келип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Коменданттык саатты бузган 5 жаран кармалды – Жалал-Абад шаарында", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий