• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда Жалал-Абад шаарынын аймагында массалык ишембилик өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишембиликке мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары жана окуу жайлардын студенттери катышты.

Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, тротуарлар, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы, аллеялар, аянттар тазаланып, бак-дарактар актап-сырдалды.

Эскерте кетсек, мэрдин буйругуна ылайык, 1-марттан 1-июнга чейин, шаарды тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий