• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакчалардын кышка даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакчалардын кышка даярдыгы текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова баштаган комиссия административдик-аймактык реформанын алкагында Сузак районунан Жалал-Абад шаарына кошулган 8 мектеп жана 2 бала бакчанын кышка карата даярдыгын, санитардык абалын, балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө билим берүү мекемелеринде аныкталган бир катар кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу тапшырмасы берилди.

Алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 29 мектеп, 29 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.

Пикир

Оставить комментарий