• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Жалал-Абад шаарында мектептердин жаңы окуу жылына жана кышка карата даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Күн мурун тиешелүү адистерден түзүлгөн комиссия курамы Жалал-Абад шаарындагы мектептердин жаңы окуу жылына жана кышка карата даярдыгын, өрт коопсуздугун жана санитардык абалын текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, комиссия тарабынан кыдыруу учурунда айрым кемчилдиктер аныкталып, жеринде эскертүүлөр берилди.

Алдыда мындай текшерүү улантылат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 муниципалдык мектеп бар. 2024-2025-окуу жылына карата мектептердеги оңдоп-түзөө, актап-сырдоо жумуштары үчүн республикалык бюджеттен 9,5 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 4,5 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий