Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Мамыр Баатыр көчөсүндөгү мыйзамсыз турак жай буздурулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасына ылайык, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган көчөнүн Т.Байзаков көчөсүнөн Б.Осмонов көчөсүнө чейинки аралыгына (темир жолду бойлой) жаңы жол куруу пландалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий