• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарындагы эт саткан дүкөндөрдүн санитардык абалы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 16.05.23./Кабар/. Ош шаарынын борбордук базарынын айланасындагы эт саткан дүкөндөрдүн санитардык абалы текшерилди. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте эт сатуучу дүкөндөрдү кыдырып, абалы менен жеринен таанышып чыккан.

Мында шаардагы уй, кой жана жылкы эттеринин бааларына мониторинг жүргүзүлүп, этке болгон бааны жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле эт сатуучу дүкөндөрдүн санитардык абалы текшерилип, талаптагыдай абалга келтирүү боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Андан сырткары, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн адистери тарабынан эттин баалары боюнча маалымат баракчалары көрүнүктүү жерге коюлбаган сатуучуларга эскертүү берди.

Пикир

Оставить комментарий