• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жалал-Абад шаарында жаңы сел каналы курулууда

Аймак 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жаңы сел каналы курулууда.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, калаанын "Курманбек" атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Топчубай Бегматов көчөсүнө узундугу 800 метр, кеңдиги 80 сантиметрден 2 метрге чейин болгон сел канал курулууда.

Белгиленгендей, каналдын курулушуна керектелүүчү курулуш каражаттарына жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми курулуш иштери жергиликтүү тургундар тарабынан жүргүзүлүүдө.

"Сел каналдын курулушунда иштеген жашоочуларга БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында, Япония өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен “жумуш ордуна азык-түлүк” жардамдарын берүү боюнча долбоору аркылуу ар бир жаранга 6 мүшөк ун, 30 литрден май берилмекчи. Учурда аталган сел каналдын курулушунда 30 адам бир нече топко бөлүнүп, кезек менен иш алып барууда", - деп кошумчалашты мэриядан.

Эске салсак, 2024-жылдын апрель айындагы катуу жааган жаандын кесепетинен аталган көчөдөгү үйлөрдүн короосун сел кирген. Мындан улам жергиликтүү бийлик селдин алдын алуу чарасы катары сел канал курууну колго алып, ал жергиликтүү жашоочулар менен биргеликте ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий