• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Базар-Коргондо сууга түшүүгө кооптуу аймактарга эскертүү тактайчалары орнотулууда

Аймак 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Базар-Коргондо сууга түшүүгө кооптуу аймактарга эскертүү тактайчалары орнотулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Базар-Коргон РИИБдин жана Акман айыл өкмөтүнүн кызматкерлери №51 О.Палванов орто мектебинин окуучуларынын катышуусунда сууга түшүүгө кооптуу аймактарга эскертүү тактайчаларын орнотушту.

Милициянын көчмө кабылдамасы менен агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө келген жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана конокторго эскертме баракчалары таратылып, сууга түшүүдө этият болуу керектиги эскертилди. Жаш өспүрүмдөрдүн сууга агып же чөгүп кетүү кырсыктарынын алдын алуу максатында ата-энелерге балдарды көзөмөлдөө заралдыгы жеткирилди.

Облустук милициядан жайдын келиши менен суу бойлоруна эс алганы келген жарандардын саны көбөйүп жаткандыгын айтышып, түшүндурүү иштери улантыларын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий