• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Таласта дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү базарлар дезинфекциялоо иштерине жабылууда

Аймак 0

Бишкек, 24.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Талас облусунда дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү базарлар дезинфекциялоо иштерине жабылууда. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, Таласта биринчи жана экинчи күн базарларда "санитардык күн" деп белгиленип, ал жерлерди залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

"Дүйшөмбү күнү өрт өчүрүүчү унаалар дезинфекцияласа, экинчи күнү ал жерде иштеген кызматкерлер өздөрү иштеген жерин залалсыздандырууда. Бул кадамдарга жарандардын беткап кийбей жаткандыктан жана ооруну жуктургандардын саны 35ге жеткендиктен барып жатабыз. Ошондой эле мал базарлардын да кыскартылышы каралууда", - дейт ал.

Мураталиев дүкөндөрдүн кечки саат 22:00дөн тарта жабылышын туура деп эсептей турганын белгилеп өттү. Анын айтымында, ал чара илдеттин жайылуусуна бөгөт коет.

Пикир

Оставить комментарий