• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Чаткалда кышкы спорт түрлөрү боюнча мелдештер өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Чаткал районунун Ак-Таш айылында "Кышкы оюндар 2023" аталышындагы мекеме уюмдар арасында кышкы спорт түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, оюндар райондук мамлекеттик администрация тарабынан уюштурулуп, 500гө жакын жергиликтүү тургундар катышты. Жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чарага катышкан район акими Алтынбек Сенирбаев алыскы Чаткал районунунда кышкы туризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү арбын экенин айтып, бул багытта тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Демилгенин негизги максаты тургундардын ден соолуктун чыңдоо жана спортко болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналаарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Чаткал районунда кышкы спорт түрлөрү боюнча оюндар беш жылдан бери өткөрүлүп келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий