• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык жарманке өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 15-декабрда Жалал-Абад шаарындагы жаңы ачылган муниципалдык базарда жаңы жылдык жарманкенин ачылуу аземи өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Жалал-Абад облусунун башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Жарманкеге Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан келген соодагерлер, ишкерлер азык-түлүктөрдү, тамак-аштарды, түркүн буюмдарды, жаңы жылга керектелүүчү каражаттарды коюшту. Жарманкеде эт, май, ун, жашылча-жемиштер сыяктуу күнүмдүк турмушта керектелүүчү азыктар арзан баада сатылып жатат.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков жарманкеге коюлган продукциялар менен таанышып, ата мекендик өндүрүштү колдоо аркылуу элди экологиялык таза азыктар менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, жаңы жылдык жарманке 15-декабрдан 31-декабрга чейин уланып, бир гана муниципалдык базарда уюштурулат жана шаардын башка аймактарында уюштурууга уруксат берилбейт.

Пикир

Оставить комментарий