• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузакта мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дарылар табылды

Аймак 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, июнь айынын башында Сузак милициясы тарабынан район аймагында курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандар боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Алынган маалыматтар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренеси (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Сузак райондук сотунун токтомунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын 53 жаштагы Ш.Т. жана 48 жаштагы Ч.А. аттуу жаранынын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү иштеринин натыйжасында Ш.Т.нын үйүнөн Тоз-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралдын 4 даана ок-дарысы, 16 калибрлүү сайсыз ок атуучу куралдын 13 даана ок-дарысы, 10 даана ок-дарылардын идиштери, ок-дары жасоочу аспаптар табылып алынган. Ал эми Ч.А.нын үйүнөн сайсыз 16 калибрлүү ок атуучу курал табылган.

Алынган курал жана ок-дарыларга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий