• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунда коронавирус менен ооругандар үчүн 2 миңге жакын орундук даярдалган

Аймак 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Ош облусунда коронавирус менен ооругандар үчүн 1 миң 916 орундук даярдалган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдурахманов брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, анын ичинен 73ү реанимациялык керебет болуп эсептелет. "455 койка-орундук жугуштуу оорулар үчүн, 69у кош бойлуулар үчүн болсо, 125 орундук балдар үчүн даярдалган", - дейт ал.

Абдурахманов өз сөзүндө облустун медициналык жабдыктар менен жабдылышына токтолду. "Кызыл зоналарда" 1 миң 610 кычкылтек концентратору жана 159 жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Бүгүнкү күндө "кызыл зоналарда" 102 дарыгер жана 165 орто медициналык кызматкерлер иштешти. 833 дарыгер жана 2 миң 360 орто медициналык кызматкер резервде турат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий