Жалал-Абад шаарынын Жусуп Абдрахманов көчөсүнө тротуар курулууда

Аймак 0

Бишкек, 05.09.23./Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Жусуп Абдрахманов көчөсүнө тротуар курулууда.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, кеңдиги 2 метр, узундугу 1260 метр болгон тротуарга учурда асфальт төшөө иши жүрүп жатат. Курулушту мэриянын жол башкармалыгы жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.

Пикир

Оставить комментарий