• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Акыйкатчы институту сот органдарын жыйындарды аудио жана видео каттоо менен тынымсыз камсыздоого чакырды

Коом 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Акыйкатчы институту сот органдарын аудио жана видео жаздыруу системаларынын тынымсыз иштөөсүн камсыз кылууга жана бузулган учурларды ыкчам оңдоо зарылдыгына көңүл бурууга чакырды.

Институттун сот органдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери сот процесстерине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп келет.

Сот жыйындарын мониторинг кылуу учурунда процессти аудио же болбосо видео фиксация (АВФ) менен камсыздоодо маселелер бар экени аныкталды.

Акыйкатчы институтунун сот органдары менен иштөө жана соттук процесстерге мониторинг жүргүзүү иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Самат Калчабаев аудио жана видео фиксация системалары бузулгандыктан улам сот процесстери аргасыздан башка учурга жылып калып жатканын билдирди.

“Мындай жагдай процесстин катышуучуларын нааразы кылат. КРнын Кылмыш-процессуалдык-кодексинин 283-бөлүмүнө ылайык, анча оор эмес кылмыш, азыраак оор, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөттөрү так регламенттелген.

Мисалы, 2023-жылы 11-августта Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда боло турган процесс АВФ системасы иштебей калгандыктан өткөн жок.

Техникалык бузулуу өз маалында оңдолгон эмес. Бул сотко катышып жаткандарды нааразы кылды”, - деп айтты ал.

Калчабаев АВФ системасы өз маалында техникалык тейлөө көрсөтө албаганы кылмыш иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароого тоскоол болоорун кошумчалады.

“Сот кызматкерлери менен сүйлөшкөн учурда АВФ системасын оңдоого 10 күндөн ашык же андан көп убакыт талап кылынаарын белгилешти”,-деди Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы.

Акыйкатчы институту сот органдарына Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыда “актала албаган кармоосу жок соттолбошу керектиги” (Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт, 14-берене, 3-бөлүм, "с" пункту) тууралуу укуктук регламент бар экенин эскертет.

КРнын Акыйкатчы институту компететтүү сот органдарын АВФ системасынын үзгүлтүксүз иштеп турушуна көңүл бурууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий