Жалал-Абад шаарындагы Абдраманов көчөсүнө асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Абдраманов көчөсүнө асфальт төшөлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөнүн жалпы узундугу 2,6 чакырымды түзөт.

"Жолдун туурасы буга чейин 7 метр болгон болсо, учурда ал 14 метрге кеңейтилип, асфальт төшөлүүдө. Алдыда жолдун четине темир-бетон арык куурлары жаткырылып, жарыктандыруу иши жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Жол оңдоо иштерине каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий