• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто шаардык стоматологиялык клиникалардын ишмердүүлүгү текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери менен биргеликте медициналык мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнүн алкагында Ош шаардык №1 жана №2 стоматологиялык клиникаларында болду.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышына, материалдык-техникалык арасынын абалына өзгөчө көңүл бурулду.

№2 стоматологиялык поликлиникада санэпид көзөмөлдөө борборунун адистери тарабынан санитардык нормалардын сакталышы боюнча мыйзам бузуулар аныкталды. Ошондой эле, бухгалтердик эсептин жана кассанын талаптагыдай иштеши боюнча маселелер каралды. №1 стоматологиялык поликлиникада учурда оңдоо иштери жүрүп жатат. Адистеринин айтымында, медициналык мекеме оңдоо учурунда бейтаптарды тейлей албайт. Тийиштүү адистердин маалыматы боюнча, стоматологиялык аспаптарды сууга тазалоочу идиштер талапка жооп бербейт.

Аталган медициналык мекемелерге жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен аныкталган кемчиликтерди бир айлык мөөнөттө оңдоо тапшырмасы берилди. Ар бир стоматологиялык клиникада 30га жакын адис 2 нөөмөт менен иштешет. Шаардык стоматологиялык клиникаларда кош бойлуу аялдарга, 10 жашка чейинки балдарга жана 70 жаштан ашкан карыларга жеңилдиктер каралган.

Пикир

Оставить комментарий