Жалал-Абад шаарындагы Азимов көчөсүнө асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Азимов көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөнүн узундугу 2,7 чакырымды түзүп, жолдун туурасы 6 метрден 14 метрге кеңейтилди.

Алдыда темир-бетон арык куурлары жаткарылып, жолдун бир тарабына тротуар, экинчи тарабына веложол курулуп, жарыктандыруу иши жүргүзүлөт.

Жолду реконструкциялоого каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий