• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ош: Манас-Ата кичи районундагы стационар күнү-түнү бейтаптарды кабыл алат

Аймак 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-июлдан тарта Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы “Каныкей” ресторанына ачылган медициналык стационар күнү-түнү бейтаптарды кабыл алат.

Стационарга түзүлгөн шарт менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кабар алып, стационарда жеңил жана орто абалдагы оорулууларга токтоосуз жардам берилиши керектигин билдирди.

Жеке ишкер Ж. Атамбаев ресторандын экинчи кабатында да орун даярдала турганын, стационарда иштеген медицина кызматкерлеринин кызмат акысын өзү төлөй турганын айтты, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Шаар мэри ар кандай кырдаалга даяр болуу керектигин, бейтаптарга ыңгайлуу болуш үчүн шаардын эки четине стационар уюштурганын билдирди.

Медицина кызматкерлери Ош шаарында эпидемиологиялык абал оорлой баштаганын кабарлашууда. Шаарда жалпы COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандар 900гө жакындады. Бейтаптарды дарылоо үчүн кошумча жалпы 600 орун даяр болду.

Пикир

Оставить комментарий