Жалал-Абад шаарындагы диний окуу борборлордун ишмердүүлүгү текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарында жайгашкан диний окуу борборлорго рейд жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейдге Жалал-Абад мэриясынын жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнөн турган комиссия курамы тартылып, санитардык абалы, коопсуздук жагдайлары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рейд учурунда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттосунан өтпөгөн, нормадан ашыкча көп сандагы балдарды бир бөлмөдө окутуп жаткан 1 диний окуу борбору аныкталып, жеринде КР Бузуулар кодексинин 142-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, 7,5 миң сом өлчөмүндө айып салынып, борбор убактылуу жабылды.

Мындан сырткары, мечиттерге, диний окуу борборлорго коюлган талаптардын аткарылышы көзөмөлгө алынып, айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча окуу борборду уюштурган жеке тараптарга эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 42 мечит, 4 медресе, 1 диний окуу борбору бар

Пикир

Оставить комментарий