• 87
  • 91.29
  • 0.84

Жалал-Абад шаарындагы флюрография имараты жаңыланат

Аймак 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы флюрография имараты жаңыланат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда аталган флюорография борборунда дарыгер жана кайрылган бейтаптарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, алдындагы бош жаткан имарат толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Ага жергиликтүү бюджеттен 800 миң сом бөлүнгөн. Тендерден “Нурэл строй ЛТД” ЖЧКсы 518 миң сомго уткан. Курулуш иштери үч ай аралыгында бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы кургак учукка каршы күрөшүү бөлүмүндөгү флюорография имараты буга чейин эскилиги жеткенине карабай, бейтаптарга кызмат көрсөтүп келген.

Пикир

Оставить комментарий