• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Суваналиев менен Жамсран аялдардын активдүү жашоо образын калыптандырууну талкуулашты

Аймак 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев БУУнун аялдар түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран баштаган өкүлдөр менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар аялдардын коомдогу орду, алардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүнүн абалы боюнча пикир алышып, аймактын ар тараптуу өнүгүүсүндө гендердик теңчиликти камсыздоо, светтик өлкө катары, аялдардын активдүү жашоо образын калыптандыруу боюнча демилгелерди ишке ашыруу багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле зордук-зомбулуктун алдын алуу, аялдардын жакшы жашоого умтулуусун колдоо, пандемия шартында алар ар тараптуу колдоого муктаж экендиги белгиленип, өзгөчө чек аралаш аймактарда аялдарды ар тараптуу колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу, аларга моралдык жана материалдык колдоолор зарыл экени айтылды.

Суваналиев менен Улзийсурен Жамсран билимдүү, заман агымына жараша ой жүгүртө алган аялдардын ролу, келечекте татыктуу жаш муунду тарбиялоодо эле эмес, өлкөнүн өнүгүүсүндө зор мааниге ээ экенин белгилешти.

Ошондуктан аялдар үчүн коопсуз жашоону түзүү, жумушсуздук маселесин жеңилдетүү менен жакырчылыктан арылуу, алардын тең укуктуулугун камсыз кылуу менен коомдук жашоодо, үй-бүлөдө чечим кабыл алууда аялдардын оюн эске алуу зарыл экенин белгилешип, татыктуу жашоого болгон кызыкчылыктарын ишке ашырууну илгерилетүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий