• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жалал-Абад шаарындагы курулуштардын жүрүшү текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 07.08.24. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен биргеликте шаардагы курулуштардын жүрүшүн текшерди.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, алгач алар президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүктүн аппаратына жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кызматкерлерине курулуп жаткан имараттын курулуш иштери менен таанышты.

Андан ары шаар мэри саркынды сууларды кабыл алуучу жайдын абалы менен тааныштырып, алдыда аталган жай толугу менен реконструкциялоодон өткөрүлө турганын белгилеп, жаңылангандан соң күнүнө 20 миң куб саркынды сууну кабыл алууга шарт түзүлө турганын кошумчалады.

Кыдыруунун жүрүшүндө жетекчилер шаардын таштанды полигонунда курулуп жаткан таштандыларды иргеп, кайра иштетүүчү заводго барышты. Аталган завод өткөн жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен курулууда.

Кыдыруу андан ары республикалык бюджеттин эсебинен реконструкцияланып жаткан Зулум Жамашев, Шабданбай Абдраманов жана Розы Азимов көчөлөрүндө улантылып, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан курулуп жаткан достук паркынын курулушу, Спутник кичи районундагы Байзаков паркында курулуп жаткан 304 орундуу кинотеатрдын курулушун да жеринен көрүп чыгышты. Кыдыруу учурунда тийиштүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий