Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Манас көчөсүнүн Шопоков жана Мамыр баатыр көчөсү менен кесилишкен бир чакырымдан ашык аралыгын реконструкциялоо иши жүрүп жатат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолго 8-9 метр кеңдикте жаңыдан асфальт төшөлүп, темир-бетон арык куурларын жаткыруу иши жүргүзүлөт.
Курулуш жергиликтүү бюджеттен каржыланып, мэриянын Жол башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий