Жалал-Абад шаарынын Балтагулов көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Балтагулов көчөсүн реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аталган көчөнүн 600 метр бөлүгүнө 14 метр кеңдикте асфальт төшөлүп, эки тарабына темир-бетон арык куурлары жаткырылды.

Балтагулов көчөсүнүн 600 метр аралыгы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен каржыланууда.

Ал эми аталган көчөнүн калган 1430 метр бөлүгүнө Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан асфальт төшөө, темир-бетон арык куурларын жаткыруу жумуштары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий