• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарынын делегациясы Россиянын Красноярск шаарында болду

Аймак 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев баштаган делегация Красноярск шаарына барды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, делегациянын сапары XI орус-кыргыз аймактар ​​аралык конференциясына даярдык көрүү жана боордош шаар мамилелерин түзүү боюнча меморандумду ишке ашыруунун алкагында ишке ашууда.

Делегация бир нече күн бою аталган шаардын калкты жылуулук жана суу менен камсыз кылууну уюштуруу, интеллектуалдык транспорт системасынын иши, шаарды көрктөндүрүү маселелери менен таанышты.

Ошондой эле Красноярск шаарындагы мекендештерден кабар алып, бир катар билим берүү жана маданий жайларында болушту. Анын алкагында №16 орто мектебинде билим алып жаткан кыргызстандык окуучулардын ийгиликтерине күбө болуп, билим берүү тармагындагы өзгөчөлүктөр, эки шаардын мектептеринин ортосундагы достук маселеси талкууланды.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын делегациясынын башчысы, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Красноярск шаарынын башчысына меймандостугу жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү улантууга даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биздин шаарлардын ортосундагы достук акырындык менен өнүгүп жатат, бирок биз биргеликте эки шаардын жана өлкөнүн тургундарынын жыргалчылыгы үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашыра аларыбызга ишенем», - деп белгиледи Кубанычбек Иманалиев менен болгон маегинде Краноярск шаарынын башчысы Владислав Логинов.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаары менен бир тууган шаар мамилесин түзүү боюнча меморандумга былтыр октябрь айында кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий