• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абад: Талапка жооп берген бала бакчалар гана ачылат

Аймак 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында талапка жооп берген бала бакчалар гана ачылат, - деп маалымдайт Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, шаардагы бала бакчаларды кайрадан ишке киргизүү боюнча атайын комиссия жеринде текшерүү иштерин алып барууда. Ага ылайык, илдет башталгандан тарта жумушу убактылуу токтотулган бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелери балдарды кабыл алууда алардын ден соолугуна кам көрүп, зарыл болгон санитардык талаптарды сактоого тийиш.

Комиссиялык топ жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлүп, менчигинин түрүнө карабай бардык бала бакчаларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы менен гана бала бакчалардын ишин жандантууга уруксат берилмекчи. Күн сайын ар бир баланын дене табы өлчөнүп, ата-энесинин жана жакындарынын ооруга кабылгандар менен байланышта болгон же болбогондугуна сурамжылоо жүргүзүлүп турат. Балдардын коопсуздугу үчүн кызматкерлер да жоопкерчиликтүү түрдө иш алып барууга тийиш.

Эскерте кетсек, өлкөдө 5-июндан тарта бала бакчалардын ишке кирүүсүнө уруксат берилген. Бирок жергиликтүү бийлик алардын абалын карап чыгып, ишмердүүлүгү боюнча чечим кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий