• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чакан ГЭС жана "Папан" суу сактагычында суучулдар оңдоо иштерин жүргүзүштү

Аймак 0

Бишкек, 21.10.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары тарабынан чакан ГЭСте жана "Папан" суу сактагычында суу астындагы техникалык иштер жасалып, оңдоо иштери жүргүзүлдү.

ӨКМден кабарлашкандай, суучулдар тарабынан суу астында орнотулган курулма, жабдыктардын абалына анализ жүргүзүлүп, айрым жаралган техникалык мүчүлүштүктөр өз убагында жоюлган.

Аталган жумушту аткарууга ӨКМге караштуу суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун суучулдары катышкан.

"Келечекте борбор республиканын аймагында жарыяланган конкурстук сатып алууларга катышып, бардык суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу пландалып жатат. Ал эми суу астындагы техникалык иштерди жасоодо адистердин билим тажрыйбасы жана техникалык жабдуулары жетиштүү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий