Ош, 04.09.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абад шаарында 4-13-сентябрга чейин абоненттерге жарытылыш газын берүү токтотулду. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басм сөз кызматына кабарлашты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, оңдоп түзөө иштерине байланыштуу Жалал-Абад шаарынын тургундарына газ берүү убактылуу токтотулду.
“Ремонт иштери көгүлтүр отту мындан ары үзгүлтүксүз берүү максатында жүргүзүлүп жатат”,- деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий