Жалал-Абадда сел суусу кирген үйлөрдүн 50%ы тазаланып бүттү

Аймак 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Ноокен районунда сел суусу кирген үйлөрдүн 50%ы тазаланып бүттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн селдин кесепеттерин жоюуга Жарандык коргонуу кызматтарынан 13 инженердик техника, 210 кызматкер, 40 куткаруучу тартылып, сел суусу кирген 94 турак жайдын 50%ы тазаланды.

Эски-Кочкор-Ата айылына баруучу жолдун 4,5 чакырымы толугу менен калыбына келтирилип, суу өтүүчү шакекчелерди коюу жумуштары жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов баштаган ыкчам топтун катышуусунда штабдык отурум өткөрүлүп, Бостон айылынын жогору жагында жайгашкан сел тосмону калыбына келтирүү маселеси каралды.

Ошондой эле селдин алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистерине сел жүрүү кооптулугу бар тилкелерди изилдөө жумуштарын алып баруу тапшырмасы коюулду.

Селдин кесепеттерин жоюу жумушу 20-июнь күнү Эски-Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында уланат.

Белгилей кетсек, 17-июнь күнү 17:30 чамасында Ноокен районунун Момбеков айыл аймагындагы кокту-колоттордон чогулган сел суулары түшүп, турак жай, социалдык объекттилерге кирген. Ички чарбалык жолдор, ички көпүрөлөр жабыркап, тилекке каршы бир адам каза тапкан.

Пикир

Оставить комментарий