• 87
  • 90.43
  • 0.88

Жалал-Абадда 3 акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Экономика 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Жалал-Абадда 3 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банкттан билдиришти.

Тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:

2024-жылдын 23-ноябрынан тартып 29-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:

- Жалал-Абад облусу, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, 3 (болжол: «Бек-Абад-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту) дареги боюнча жайгашкан «Соронбек Валюта» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2023-жылдын 5-декабрындагы №-6652 лицензиясы;

2024-жылдын 23-ноябрынан тартып 7-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:

- Жалал-Абад облусу, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, 3 (болжол: «Бек-Абад-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту) дареги боюнча жайгашкан «Салахидин Валюта» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2023-жылдын 16-ноябрындагы № 6633 лицензиясы;

- Жалал-Абад облусу, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, 1 (№ 10 имарат) (болжол: «Бек-Абад-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту) дареги боюнча жайгашкан «ЭКВАЛИТ» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2024-жылдын 9-февралындагы № 6709 лицензиясы.

Пикир

Оставить комментарий