• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абадда аймактык тескөөчүлөргө боди-камералар жана планшеттер тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Жалал-Абадда аймактык тескөөчүлөргө боди-камералар жана планшеттер тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, муниципалитет милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жакшыртуу, алардын кыймыл-аракетине көзөмөл жүргүзүү функцияларын калыптандыруу, жеке коопсуздугун чыңдоо жана ар түрдүү мыйзам жана укук бузууларга жеринде баа берүү тартибин бекемдөө максатында 40 даана боди-камера, 40 даана планшет алып берди. Ал үчүн шаар казынасынан 7,2 млн сом бөлүнгөн.

Эске салсак, өткөн жылы Жалал-Абад шаарынын мэринин демилгеси менен шаар бюджетинен 5,5 млн сом бөлүнүп, шаарда 48 жайга адамдардын жүзүн тааный турган камералар орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий