• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Жалал-Абадда мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловдун 90 жаш мааракеси белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Күн мурун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында КР Баатыры, көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, илимпоз Апас Жумагуловдун 90 жылдык мааракеси белгиленди.

Салтанаттуу иш-чарага Апас Жумагулов өзү жана жубайы, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, КР Соода өнөр-жай палатасынын президенти Темир Сариев, экс-башкы прокурор Камбаралы Конгантиев, экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Кубанычбек Жумалиев, Кубатбек Боронов жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Облус башчысы Апас Жумагуловдун мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги чоң экенин айтып, 90 жаш курагы менен куттуктады.

Ыйгарвм укуктуу өкүл “Кыргыз Республикасынын Баатырынын” балалыгы согуш жылдарына туш келгенине карабай, билим алууну башкы орунга коюп, Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, Жогорку Советтин бир нече чакырылышынын депутаты болуп, 50 жыл аралыгында бүт кызматтык тепкичтерди басып өткөнүнө токтолду.

Геология-минерология илимдеринин доктору, Кыргызстан инженердик академиясынын академиги Апас Жумалиев, өлкөдөгү эң ири өндүрүштүк ишканалардын бири болгон Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” Ачык Акционердик Коомунун ишмердүүлүгүнө да бараандуу салым кошкон чыгаан инсан экенин белгиледи.

Саамалыкта Апас Жумагулов жөнүндө видеоролик коюлуп, замандаштары анын өмүр жолу, кесиптик бай тажрыйбасы жана адамдык бийик сапаттарына токтолушту.

Иш-чарада аким Таалайбек Ишенбеков Апас Жумагуловго Ноокен районунун “Ардактуу атуулу” наамын тапшырып, концерттик программа менен коштолду.

Кочкор-Ата шаарында реконструкциядан өткөрүлүп жаткан борбордук эс алуу багына даКР Баатырынын ысымы ыйгарылды.

Белгилей кетсек, Апас Жумагуловдун 90 жылдык маарекеси мамлекеттик иш-чаралардын катарына кирип, жер-жерлерде өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий