• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жалал-Абадда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын облустук башкармалыгына курулган жаңы административдик имараттын ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, Япониянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Соичиро Окава, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жана ведомстволордун облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Имарат Япония өкмөтүнүн колдоосу менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын "Кыргызстанда баңгизаттарды көзөмөлдөөгө колдоо көрсөтүү" долбоорунун алкагында курулган.

Облус башчысы өз сөзүндө бул аракет баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана калктын баңгизаттарга берилишине каршы активдүү аракеттенүүгө шарт түзөөрүн белгиледи.

Ошол эле учурдагы региондо, өлкөдө жана дүйнөдөгү өзгөртүүлөрдү эске алуу менен социалдык-экономикалык, жарандардын бакубаттыгын арттыруу, кризиске каршы чараларды иштеп чыгууга зор салым кошорун айтты.

Пикир

Оставить комментарий