• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Жалал-Абадда бир нече уурулук фактысына шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Жалал-Абадда бир нече уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын бама сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБине 28 жаштагы шаар тургуну Э.Р. арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 3-май күнү 17:00 чамасында көп кабаттуу үйдүн подъездинен баасы 20 миң сомдук «Трикс» үлгүсүндөгү велосипедин белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдирген.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган фактынын бетин изин суутпай ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын 35 жаштагы тургуну А.Д. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө А.Д. өзүнүн кылмыштуу шериктери менен биргеликте 2020-жылдын апрель айынан тартып ушул күнгө чейин бир топ батир уурулуктарын жасап, мал, телефон, үй тиричилик техникаларын, унаа тетиктерин, кийим-кече, азык-түлүктөрдү уурдап жүрүшкөндүгү белгилүү болгон. Жалпысынан келтирилген чыгым 100 миң сомдон ашуун каражатты түзгөн.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий