Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Жалал-Абадда дарыяга түшүп кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 3-августта Нарын дарыясына 30 жаштагы Н.Д. аттуу эркек киши сууга түшүп кеткен.
Учурда куткаруучулар жеринде издөө иштерин жүргүзүүдө. Жыйынтык боло элек.
Пикир
Оставить комментарий