• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Ош облусундагы Тар дарыясына бир адам агып кетти, издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 28.02.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ичке-Суу айылында жайгашкан Тар дарыясына бир адам агып кеткен. Окуя кечээ, 27-февралда болжол менен саат 17:10 чамасында катталган.

Маалыматка ылайык, агып кеткен адамдын өздүгү такталган, ал 1974-жылы туулган М.М., аттуу жаран болуп чыккан.

“66-Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жаранды издөөгө чыгышкан. Түн киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган. Бүгүн, 28-февралда издөө иштери улантылат”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий