• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Жалал-Абадда дыйкандар зыянкечтерге каршы күрөшүүнүн сырларын үйрөнүштү

Аймак 0

Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери жер-жерлерде зыянкечтерге, илдеттерге жана ооруларга карата дыйкан фермерлерге консультацияларды берип, окууларды өткөрүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул ирет мындай окутуулар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылында уюштурулду. Анда адистер дыйкан жана багбандары менен мөмөлүү бак-дарактардын, кара өрүктүн карантин зыянкечи бологон тыт калканчысына жана башка зыянкеч, илдеттерге каршы күрөшүү боюнча окуу семинар өткөрдү.

Семинарга Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери, айыл аймак башчылары, Жалал-Абад облустук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий