• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Эгемендүүлүккө 31 жыл. Нарында көк-бөрү боюнча беттеш башталды

Аймак 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-августта Нарын районунун Эмгекчил айылындагы КР эгемендүүлүк күнүнө карата президенттин кубогуна арналган улуттук ат оюндары боюнча республикалык мелдеш салтанаттуу ачылды.

нарындагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, ат оюндарынын ачылыш аземи республиканын аймактарынан келген көкбөрүчүлөрдүн сапка тизилген салтанаттуу жүрүшү менен башталды.

Ачылыш аземде президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, Спорттун улуттук турлөрү боюнча дирекциясынын башчысынын орун басары Раимбек Токтобаев, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров, Нарын облустук "Көк бөрү" федерациясынын вице -президенти Русланбек Жумалиев куттуктап, оюндар ийгиликтүү өтүүсүн тилек кылышты. Ошондой эле ат майданына ысымы ыйгарылган Эмгекчил айылынын тургуну, саяпкер Оңолбек Мамытов ак батасын берди.

Оюнга республиканын бардык дубандарынан 19 команда катышууда. Байге фонду 3 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий