Бишкек, 31.08.24. /Кабар/. Бүгүн, 31-август – Кыргызстандын эгемендүүлүлүгүнүн 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Саамалыкка президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, жергиликтүү бийлик жетекчилери, аксакалдар, мекеме-ишканалардын жамааты, калаа тургундары жана меймандары катышты.
Иш-чарада облус башчысынын орун басары жалпы катышуучуларды Эгемендүүлүк майрамы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктады. Ал ошондой эле мамлекеттик башкаруу саясатындагы жигердүү өзгөрүүлөр, облуста аткарылып жаткан иш-аракеттер жана алдыдагы пландар боюнча маалымат берип өттү.
Борбордук аянттагы саамалык театрлаштырылган көрүнүш, концерттик программа менен коштолду.
Пикир
Оставить комментарий