• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүү багытында бизнес форум өтөт

Аймак 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүү багытындагы ири бизнес форум өтөт. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү - Жалал-Абад облусунда туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү" аталышындагы форум 30-31-май күндөрү өтмөкчү. Күн мурун жумушчу топ даярдык иштерин талкуулады.

Иш-чаранын максаты - энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү жана пайдалануу, айлана-чөйрөнү, ресурстарды жана климатты коргоону камсыз кылуу, туруктуу туризмди өнүктүрүү, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана ишкердикти колдоо, бизнестин, инвесторлордун жана өкмөттүн конструктивдүү диалогу үчүн заманбап аянтчаны уюштуруу болуп саналат.

Форумга дипломатиялык корпустун, эл аралык, жарандык коомдук уюмдарынын, бизнес-коомчулуктун, академиялык институттардын өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана бардык кызыкдар тараптар чакырылууда.

Иш-чаранын алкагында туристтик объектилердин жана кызматтардын, экологиялык таза өнүмдөр, кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө уюштурулуп, мүмкүнчүлүктөр тууралуу баяндамалар жасалат.

Белгилей кетсек, форум президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий